Ишембиге карата аба ырайы

© AFP 2023 / TAUSEEF MUSTAFAКол чатыр менен киши жамгыр учурунда. Архив
Кол чатыр менен киши жамгыр учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-июлда түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Эртең, ишемби күнү, өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр төгүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондорго кар жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл аймагында +18...+23 жана Нарында +19…+24 градус болору айтылды.

Борбор калаада күндүз жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +31...+33 жана Чолпон-Атада +18...+20 градусту көрсөтөт дешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0