Коронавирус өткөн суткада төрт кишинин өмүрүн алды. Соңку маалымат

© AFP / JUSTIN SULLIVANДарыгер бейтапты текшерип жатат. Архив
Дарыгер бейтапты текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптарга алгачкы жардам көрсөтүү максатында жер-жерлерде күндүзгү стационарлар ачылып, кошумча орундар даярдалууда.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус төрт кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

  • Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынан — 1 (эркек, 77 жашта);
  • Жайыл аймактык ооруканасынан — 2 (62 жаштагы аял, 55 жаштагы эркек);
  • Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан — 1 (эркек, 68 жашта).

Бул төрт адамды кошкондо өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 116га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0