00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше
Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер республика боюнча  иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир медкызматкерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында бергенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, азыркы эпидемиологиялык кырдаал өтө кооптуу.

"Ар бирибизге эс алуу керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Ооруп калган жарандарга азыр, ушул жерде жардам берүү кажет. Биринчи кезекте адамдар медицина кызматкерлеринин көмөгүнө муктаж. Алар бүгүн өлкөгө абадай зарыл болуп турат. Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш", —  деди Боронов.

Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүсүндө. 

"Дарыгерлер силердин өтүнүчтү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышат деп ишенем. Учурда оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келди. Медкызматкерлер адам өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү оор шарттарда иштеп жатышат. Илдет менен күрөшүүгө аймактардан дарыгерлер келишти, өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлерибиз дагы четте калышкан жок. Бирок региондордо дагы квалификациялык медициналык жардамга муктаж жашоочуларыбыз бар. Ошондуктан Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат", — деди премьер-министр.

Боронов республика боюнча  иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир медкызматкерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты

Эскерте кетсек, өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду. Ал эми пневмониядан 44 адам каза таап, жалпы саны 268ге жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0