Тез арада керек! Сабырбек Жумабеков жетишпей жаткан дарыларды тизмектеди

© Sputnik / Нургуль МаксутоваИнтервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Жумабековым
Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Жумабековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда медиктерге тез арада дары-дармек керек экенин айткан дарыгер жардам берүүнү каалагандар болсо алып келип беришин суранды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Ганси" базасында ачылган ооруканада пневмония жана коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан ортопед Сабырбек Жумабеков ийне жана дары-дармек алып келүүнү суранды. Мындай кайрылууну ал Facebook баракчасына жазды. 

"Урматтуу туугандар, "Гансидеги" менин медиктериме тамак-аш алып келбей эле койсоңор. Тамак бар, жетиштүү. Бизге азыр тез арада дары-дармек керек. Ким жардам берем десе, колдон келишинче алып берсеңер. Бизге акча бербегиле. Оптовый фирмаларда арзан болот", — деп кайрылды Жумабеков.

Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды

Дарыгер алып келүүнү сураган медициналык каражаттар:

  • Шприц 5,0 мл — 10 000 даана;
  • Шприц 10,0 мл — 1000 даана;
  • Физиологиялык аралашма (Физраствор) — 1 000 даана;
  • Гепарин 1,0 — 100 коробка;
  • Эуфиллин — 100 коробка;
  • Кан куюу системасы — 5 000 даана.
Жаңылыктар түрмөгү
0