8 000ден ашты. Бүгүн дагы 450 кишиден коронавирус чыкты

© REUTERS / AMIT DAVEКоронавируска тесттер
Коронавируска тесттер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемиологиялык абал өзгөчө Бишкек менен Чүй облусунда өтө оор. Ушу тапта күндүзгү стационарлар ачылууда.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 450 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

  • Бишкек шаары – 229;
  • Чүй облусу - 84;
  • Ош шаары - 32;
  • Ош облусу - 23;
  • Жалал-Абад облусу - 47;
  • Баткен облусу - 10;
  • Ысык-Көл облусу - 13;
  • Нарын облусу - 11;
  • Талас облусу - 1.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 141ге жетти. Бүгүнкү күндө стационарда 602 бейтап бар, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 4 524 киши дарыланууда. 

Калкка жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар изделүүдө

Соңку кабарлар менен Sputnik Кыргызстан деп аталган Telegram каналыбызга да кирип таанышып турсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0