05:55 13 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.8563
  • EUR91.4695
  • RUB1.0631
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2098)
251001

Өкмөт башчы тарыхта ата-бабалар мындан да оор күндөрдү башынан өткөргөнүн белгилеп, элди ынтымакка чакырды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, өлкө ооруну сөзсүз түрдө жеңе турганын билдирди.

Ал чынында эле абал оорлошуп баратканын, бирок дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуулук жана ынтымак менен кыйынчылыктан чыгууга болорун айтты.

"Бүгүнкү күндө баарыбыз чогуу, ынтымакта турсак келген кырсыкты, коронавирусту жеңгенге мүмкүнчүлүгүбүз болот деп ойлойм. Биз сөзсүз түрдө жеңип чыгабыз. Мен буга 100 пайыз ишенип турам, сиздерди дагы ишенүүгө чакырам", — деди Боронов.

Ошондой эле өкмөт башчы тарыхта ата-бабалар мындан да оор күндөрдү башынан өткөргөнүн белгиледи.

"Ошол убакта кокту-колотто өзүнчө болуп жашаган кыргыздар бир заматта чогулган. Ага чейин ич ара араздашып жүргөндөр таарынычтарын таштап сырттан келген жоону, башына түшкөн мүшкүлдү жеңип келген. Ошон үчүн кыргыз 3000 жылдан бери мамлекет болуп жүрөт. Бүгүнкү күндө да ошол улуу кыргыз элинин урпактары баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, алдыда турган кыйынчылыкты жеңебиз деп ойлойм", — деп кайрылды премьер-министр.

Өкмөт сырттан келген акча ичип-желип жок болду деген сөзгө жооп берди

Эскерте кетсек, өлкөдө коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар күн санап көбөйүп жатат. Тилекке каршы, каза болгондордун саны дагы өсүдө. Бишкек менен Чүйдө эпидемиологиялык абал оорлошту. Ооруканалар толуп, медиктер жетишпей, жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш экени айтылууда.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2098)

Тема боюнча

Өкмөт башчы: медиктер үчүн уюштурулган окуудан өткөндөр ишке киришти
Боронов: Роспотребнадзордун өкүлдөрү кыргыз медиктерине жардам берет
Көп бириксе тоо томкорот. Боронов ыктыярчы медик болууга чакырып шартын айтты
Белгилер:
ынтымак, кайрылуу, оору, Кубатбек Боронов

ЭҢ МААНИЛҮҮ