Бир суткада 49 медик коронавирус жуктуруп алды

© AP Photo / Pavel GolovkinОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 446 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан. Акыркы суткада 4 кызматкер айыгып чыкты.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ал эми бир суткада 4 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 879 учур катталып, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүн 439 кишиден COVID чыкты. Соңку маалымат

Ушуну менен өлкө боюнча жалпы 2443 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы жуктургандардын саны 5 735ке жетти. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0