Кошунам COVID симптому менен медиктерге кайрылбай жүрөт. Эмне кылуу керек?

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТурак жайдын подъездин дезинфекциялоо. Архив
Турак жайдын подъездин дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынан эгер кошунада коронавируска окшош оорунун белгилери пайда болуп, бирок ал обочолонуу режимин сактабай тойго, дүкөнгө барып жүрө берсе эмне кылуу керектигин сурашты.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Эгер ооруну жашырган учурду байкасаңар жана мобилдик бригада кайрылууга көңүл бурбаса, анда тез арада министрликтин штабына чалуу керек. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Андан эгер кошунада коронавируска окшош оорунун белгилери пайда болуп, бирок ал обочолонуу режимин сактабай тойго, дүкөнгө, жумушка барып жүргөн учурда эмне кылуу керектигин сурашты. Ал эми мобилдик бригада коңшулардын билдирүүсүнө эч кандай көңүл бурган эмес.

Асрандиевден COVID аныкталып, дагы төрт министр обочолонду

"Ушундай жагдайлардан улам оору массалык түрдө жайылууда. Эгер мобилдик бригада келбесе, министрликтин штабына: 0 (312) 66 06 63, 0 (312) 62 26 80 номерлери аркылуу кабарлоо керек. Билдирүүдө дарегин калтырсаңыздар биз тийиштүү органдар менен биргеликте чара колдонобуз. Мындай болбойт. Ар бир жаран жоопкерчиликти сезбесе, жалгыз медиктер менен мамлекеттик органдар көйгөйдү чече албайт",— деди Каратаев.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту 5 296 адам жуктуруп, анын 2 370и айыкты. Тилекке каршы, 57 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0