БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 279 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
- Бишкек шаары – 182;
- Чүй облусу - 36;
- Ош шаары - 1;
- Ош облусу - 1;
- Нарын облусу - 10;
- Жалал-Абад облусу - 7;
- Ысык-Көл облусу - 18;
- Талас облусу - 15;
- Баткен облусу - 9.
Ушуну менен Кыргызстанда COVID аныкталган учурлардын саны 5 296га жетти.