Сутка ичинде 52 бейтап ооруну жеңип, стационардан чыгарылды

© AFP / DIMITAR DILKOFFОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча беш миңден ашык киши коронавирус жуктуруп, болжолдуу түрдө жарымы ооруну жеңди. Бардыгынын кайталап алган тесттери таза чыккан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирус жуктурган 52 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Айыккандардын тизмеси төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 6;
  • Чүй облусу — 13;
  • Ош шаары — 21;
  • Ош облусу — 3;
  • Талас облусу — 6;
  • Баткен облусу — 3.

Бишкек медиктерге муктаж! Мэрия дарыгерлердин жардамга келишин суранууда

Ушуну менен республика боюнча 2 294 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5 017ге жетти. Илдеттин кесепетинен 50 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0