Алайдын айылдарына кадимкидей эле кар жаады. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек-Ош жолунда кар. Архив
Бишкек-Ош жолунда кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан. Анда 27-28-июнда өлкөнүн тоолуу аймактарына кар жаашы ыктымалдыгы айтылган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Алай районунун Ак-Босого жана Сары-Таш айылдарына жайдын күнү кар түштү. Ак-Босого айылында тартылды делген видеону өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына журналист Гүлзада Шаршеналиева жүктөдү.

Анда кар адамдын сөөмөйүнчөлүк, болжол менен 9-10 сантиметрдин тегерегинде экенин көрүүгө болот.

“Бүгүн 2020-жылдын 28-июну. Ак-Босого айылында минтип кар басылбай жаап жатат”, — деп комментарий берген видеону тартып жаткан адам. 

Ал эми ӨКМден Сары-Таш айылына кар түшкөнүн тастыкташты.

Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

Буга чейин Кыргызгидромет кечээ шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, 27-28-июндарда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшүү ыктымалдыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0