Обочолонуп иштеп жаткан Жээнбековдун абалы айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОтпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле
Отпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы Сооронбай Жээнбеков Москвага учарда жана кайра Бишкекке келгенден кийин эки ирет тест тапшырганын эске салды.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков обочолонуп иштөөсүн улантып жатканын өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, мамлекет жетекчисинин ден соолугу жакшы, буга чейин айтылгандай, коронавируска тапшырган тесттери таза чыккан. Маалымат катчы Жээнбеков Москвага учарда жана кайра Бишкекке келгенден кийин эки ирет тест тапшырганын эске салды.

Өкмөттөн да COVID чыкты. Арасында премьердин кеңешчиси, бөлүм башчылар бар

Белгилей кетсек, Жээнбековдун айланасындагылар коронавирус жуктуруп алганы Москвага барганда билинген. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки мүчөсүнөн вирус чыгып, Жээнбеков парадга катышуудан баш тарткан.

Ошол эле күнү Бишкекке кайтып, коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан.

Текшерүүнүн натыйжасында президенттик аппараттан баш-аягы 17 кишинин COVID жуктуруп алганы аныкталды. Көбүнүн оорусу симтому жок өтүп жаткандыктан, үй карантининде дарыланышууда.

Министрлик: кайрылгандар көп, Тез жардам кызматы жетишпей жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин имараты толугу менен дезинфекцияланды.

Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 513кө жетти. 2 112 киши айыгып, 46 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0