ӨКМдин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшРаботы по дезинфекции улиц в Оше
Работы по дезинфекции улиц в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруга чалдыккандардын арасында оор абалдагылар жок. Кызматкерлер кайсы облустарда иштегени айтыла элек.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Вирус илештирип алгандар азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалына жараша айрымдары ооруканага жаткырылса, кээси үй карантининде. Коронавирус аныкталган кызматкерлердин көбүндө илдеттин белгиси жок", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ кызматкерлердин арасында оор абалдагылар жок экенин кошумчалады. Вирус жуктуруп алгандардын кайсы облустарда иштээри айтылган жок.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстан боюнча коронавирус 205 адамдан чыгып, жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 356га жетти. Анын 2 021и айыгып, 40ы каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0