Жалал-Абад шаардык мэриясынын имараты карантинге алынды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСитуация в связи с коронавирусом в городах России
Ситуация в связи с коронавирусом в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан беш күн мурда калаа мэри Мураталы Тагаевден жана мэриянын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык мэриясынын имараты бүгүндөн тарта карантинге алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда мэриянын кызматкерлери аралыктан иштеп жатышат.

Эске сала кетсек, 17-июнда калаа башчысы Мураталы Тагаевден COVID-19 аныкталып, аппараттагы 50дөй кызматкер анализ тапшырган. Алардын арасынан үч кишиден дагы вирус табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0