Министр: "Ак-Кеме" мейманканасы стационарга айланышы мүмкүн

Жазылуу
Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 356га жетти. Алардын арасынан 40 бейтап көз жумду.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Зарылдык жаралса Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасы коронавирус жуктургандарды дарылоо боюнча стационарга айланат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Модератор ага эмне себептен мобилдик госпиталь салынбагандыгы тууралуу суроо берди.

"Эл аралык "Манас" аэропортунда мурдагы "Ганси" базасынын ордунда беш корпус иштеп жатат. Ал жерде 600 койка дайындалган. Азыр ал жакка сырттан келген жарандар обсервацияга жаткырылууда. Дагы жети корпус дайындоодобуз. Эгер кошумча госпиталь зарыл болсо, "Ак-Кеме" мейманканасын стационар кылабыз", — деди министр.

Белгилей кетсек, аталган мейманкана Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан бери обсервация жайы катары колдонулууда.

Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 356га жетти. Алардын арасынан 40 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0