COVID жугат деп күткөм. ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулунун маеги

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу (солдо) жана ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу (солдо) жана ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алып, Токмоктогу ооруканада дарыланууда. Ал ооруну жеңүү үчүн биринчи кезекте ачык көңүл менен жакшы маанай керектигин айтат.

Нуракун уулунун эти ысып, тамагы ооруп, 118 кызматына чалганда, алар симптомдорун угуп жөнөкөй сасык тумоо экенин айткан. Бирок түпөйүл болгондуктан, көңүлүн тынчытуу үчүн тест тапшырып, COVID-19га чалдыкканын билген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Эламан Карымшаков Ибраим Нуракун уулу менен байланышып, ал-жайын сурады.

— Абалыңыз жакшыбы, учурда өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

— Ооруканага кечээ күндүз алып келишкен. Жөтөл күчөп, демим кыстыга баштаганда Тез жардам чакырганбыз. Башында бир аз кыйналдым, азыр абалым дурус, жеңилдеп калдым. Доктурлар дарыларды берип, асма укол сайып жатышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековНуракун уулу: коронавирусту жумуштан эле симптому жок жүргөн бирөөдөн жугузуп алдым окшойт
COVID жугат деп күткөм. ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуракун уулу: коронавирусту жумуштан эле симптому жок жүргөн бирөөдөн жугузуп алдым окшойт

— Ооруну кайдан жуктуруп алганыңызды билесизби?

— Так айта албайм, жумуштан эле симптому жок жүргөн бирөөдөн жугузуп алдым окшойт. Ошондон гана шек санап жатам. Эки айдан бери Жогорку Кеңешке келгендерди термометр менен текшерип, бет кап тагынган, антисептик колдонгондорду киргизет. Ал текшерүүдөн симптому жок болгондуктан, өтүп кетиши ыктымал.

— Тесттин жыйынтыгы чыгып, коронавирус сизге да жармашканын укканда кандай кабыл алдыңыз?

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды
— Мен муну күткөм, Жогорку Кеңештин аппаратында жүздөгөн адам иштейт. Күнүнө өкмөттөн, прессадан жана башка жактан канчалаган адам келип кетет. Бир күнү жугат деп күткөнмүн. Үй-бүлөбүз менен даяр болчубуз. Үйүбүздүн бир бөлмөсүн обсервацияга ылайыктап койгон элек. Эң биринчи үй-бүлөмө, кичинекей балдарыма, башкаларга менден жукпаса экен деген сезим болду.

Дароо кесиптештериме, мени ташыган айдоочуга, "Парламентаризм сабактары" телеберүүмө 10 күн мурда катышкан депутаттар Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиевге эскерттим. Баарынын анализи таза чыгып, сүйүндүрдү. Үй-бүлөм дагы бүгүн тест тапшырды, алардыкы да таза чыгат деген ойдомун.

— Алгач сасык тумоо сыяктуу эле башталганын айттыңыз, андан кийин күчөй баштаганда кандай болот экен?

— Этим бир аз ысып, жөтөлүп баштаганда 118 кызматына чалсам, симптомдорун угуп "жөнөкөй эле сасык тумоо" деп айтышкан. Ага карабай үч күн эч жакка чыкпай үйдө обочолонуп отурдум. Андан кийин коронавируска тест тапшырып көрүүнү чечтим. Ошондо гана жукканы аныкталды. Андан бир нече саат өткөндөн кийин жөтөлүм күчөп, демим кысылып, жыт сезбей калдым. Тез жардам чакырсам, Бишкекте орун жоктугун айтып, Токмок шаарына алып келишти.

— Социалдык тармактагы баракчаңызга оорукананын шарты аябай начар экенин жаздыңыз эле. Эмне жетишпейт экен ал жерге?

— Биринчиден, мени алып барган Тез жардам автоунаасы аябай эски экен. Оорукана дагы эски, ысык суусу жок. Бөлмөлөрдүн жана ажатканасынын каалгалары да толук жабылбайт, бир маал суу дагы чыкпай калды. Чымын-чиркей көп. Ажаткана палаталардын чекесинде жайгашкан, ага коридор аркылуу чыгып барабыз. Ошого карабай ичин таза кармашат экен. Ал эми дарыгерлер аябай дасыккан, адискөй экенин көрсөтүштү, аябай жакшы карап жатышат. Бул жакта жаткандар менен сүйлөшүп көрсөм медиктерге баары ыраазы. Дарылаганы киргенде тамашалап, жакшы сөздөрүн айтып күлдүрүп, позитивдүү маанай тартуулап кетишет. Доктурлар вакцинадан мурда жакшы маанай менен дарылап жатыптыр деген жыйынтыкка келдим. Мына азыр да Шамиль Лушанло деген дарыгерим терезенин түбүнө келип 10 мүнөттөн кийин кирерин эскертип кетти.

— Кандай ыкма менен дарылап жатышат?

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Аалиев: коронавируска шектелгендер январда эле ооруканага түшө баштаган
— Канды суюлтуш үчүн окшойт күнүнө эки жолу асма укол саят. Менин бронхумда (өпкөдөгү жумшак түтүк) вирус бар экен, ошолорду тазалоо үчүн дары берип жатышат. Дарыгерлерге толук ишенгендиктен, "эмне сайып, эмне берип жатасыңар" деп сураган жокмун. Кудай буюрса, алар дарылап, мен айыгып жатам.

— Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков дагы байланышка чыкканын жаздыңыз. Анын реакциясы кандай болуп жатат?

— Бүгүн төрага чалып абалымды сурап, жардам керек болсо бере турганын айтты. Андан соң кийинки жыйындарды талкууладык. Себеби бир депутатка дагы вирус жугуптур. Бирок ал мени менен байланышкан эмес. Эми эл өкүлдөрүнүн баары ПЦР-тесттен өтө турган болуп жатканын кабарлады. Келерки аптада эгер көпчүлүгүнүн анализи таза чыкса, жыйындар өтөт. Бирок сырттан адистер, пресса киргизилбейт. Маалымат кызматтын эки кызматкери шаршемби жана бейшемби күндөрдөгү жыйындарды түз эфирге чыгарат. Алар дубалдарга орнотулган камераларды пульт менен башкарып, депутаттар отурган залга кирбейт. Комитет, фракциялардын жыйындарын, тилекке каршы, чагылдыра албайбыз.

© Фото / пресс-служба ЖКНуракун уулу: маанайды бийик көтөрүп жүрүү оорунун эң негизги дарысы экен
COVID жугат деп күткөм. ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуракун уулу: маанайды бийик көтөрүп жүрүү оорунун эң негизги дарысы экен

— Соңку учурда өлкөдө коронавирус жуктургандар көп катталууда. Бул ооруга чалдыккан адам өзүн-өзү кандай тарбиялаш керек экен?

Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
— Мага оору жукканы туурасында маалымат тарагандан кийин көптөр телефон чалды. Москва, Санкт-Петербург жана Кыргызстандагы эң мыкты делген дарыгерлер дагы чалып кеңештерин беришти. Позитивдүү кабыл алып, стресске алдырбай, маанайды бийик көтөрүп жана "айыгып кетем" деп киши өзүнө-өзү дем берсе, эң негизги дары ошол экен. Алар "адамдын сакайышынын 70-80 пайызы маанайына байланыштуу" деп айтууда. Ошондуктан эң биринчи кезекте, колдон келишинче көңүлдү чөктүрбөй, маанайды көтөрүп жүрүү керек. Албетте, эми бул жерде оорунун жеңил-оор түрүнө да жараша болот деңизчи. Ошондой эле жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек экен. Элге, тааныш, досторго айтарым, "мындай оору жок" дебеңиздер. Коңшу палаталарда жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткандарды көрүп атам. Демек, бул айрыкча иммунитети төмөндөр, карылар, жаш балдар үчүн өтө опурталдуу экен. Ошондуктан башкаларды да ойлоп, жоопкерчиликтүү экенибизди билели.

— Сиз социалдык тармакка төрага жана президенттин маалымат катчысы менен болгон диалогуңузду жамактатып, юмор аралаштырып пост кылып жазыпсыз. Төгүп коймой дагы талантыңыз барбы?

— Ооба, Facebook тармагындагы аккаунтума пост койгон элем. Төкмөлүк өнөрүм жок, бирок тамашага салып сүйлөп коём. Жумушта дагы кесиптештер менен тамашалашып, адамгерчиликтүү мамиле менен орчундуу маселелерди чечүүнүн жолун таап алганбыз. Депутаттар же төраганын кемчиликтери болуп калса тамашага салып ачык айтабыз. Буга чейин деле иш процессинде боло турган нерсе да. Ошону эле кичине уйкаштырып, коронавирус коркунучу чынында эле бар экенин айткым келип, элдин сөзү менен жазып койдум эле. Элдин көбүнө жагып, жакшы кабыл алып жатат. Максатым — жөн эле жатпастан элге оору тууралуу, сактануу жана доктурлардын эмгеги жөнүндө маалымат жеткирүү. Ошол үчүн бул жерде дарыланып дагы, андан сырткары элге маалымат берип дагы журналисттик милдетимди аткарып турмакчымын.

Жаңылыктар түрмөгү
0