Тез арада паспорт жасатуу үчүн канча акча керек? Каттоо кызматынын жообу

Жазылуу
Төмөндөтүлгөн баа 16 жашка чыккандан кийин жана алмаштыруу үчүн паспорт алгандарга тиешелүү. Ал эми жоготуп алгандарга кымбатыраак баада жасалмакчы.

БИШКЕК, 20-июн. – Sputnik. 2017-жылы чыккан ID-картаны (паспорт) үч сааттын аралыгында жасатууга 652 сом талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Кыргызстанка Урбу Боромбаева - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 3000дей жаран үйүнөн паспорт жасатты. Арасында 110 жаштагы байбиче бар
Буга чейин аталган үлгүдөгү паспортту жасатууга 935 сом алынчу. Ал эми жалпы жарандык паспорт (чет өлкөлөргө чыкчу) 2427 сомдон 1748 сомго арзандаган.

Эске салсак, ушул жылдын 16-апрелинен тарта тез арада паспорт алуунун баасы төмөндөгөн. Жаңы жобо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы төмөндөгөндүктөн, жалпы наркы арзандаган.

Бул төмөндөтүлгөн баалар 16 жашка чыккандан кийин жана алмаштыруу үчүн паспорт алгандарга тиешелүү. Ал эми жоготуп алгандарга мындан кымбатыраак баада жасалмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0