"Кант" авиабазасына модернизацияланган эки тик учак алып келинет

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүВоздушный парад Победы в городах России
Воздушный парад Победы в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учкучтардын кабинасы жарык берчү жаңы техникалык жабдуу менен толукталды. Анда экипаж түн ичинде учканда караңгыда көрө алчу көз айнекти колдонсо болот. Ошондой эле жапыз жана өтө жапыз учуп, белгиленбеген аянттарга дагы коно алат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. 2020-жылдын июнь айынын аягына чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кант авиабазасынын паркы модернизацияланган эки Ми-8МТВ5-1 тик учактары менен толукталарын "Звезда" телеканалы кабарлады.

"Учкучтардын кабинасы жарык берчү жаңы техникалык жабдуу менен толукталды. Анда экипаж түн ичинде учканда караңгыда көрө алчу көз айнекти колдонсо болот. Ошондой эле жапыз жана өтө жапыз учуп, белгиленбеген аянттарга дагы коно алат", — деп айтылат кабарда.

Мындан тышкары, учкучтар бул тик учактарды башкаруу үчүн Россиянын Тверь облусунда теориялык жана практикалык даярдыктан өткөнү кошумчаланды.

Жаңы тик учактар базада эскирип бара жаткан тик учактардын ордуна коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0