Элчилик Москвада КР вице-консулу сабалды деген маалыматты төгүндөдү

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кыргызстандын элчилиги. Архив
Москвадагы Кыргызстандын элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын ЖМКлары мушташ болуп, анда элчиликтин атташеси, вице-консул Тигран Кондахчян жабыркады деп жазышкан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги вице-консул Тигран Кондахчянга кол салуу болду деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды.

Буга чейин Россиянын ЖМКлары мушташ болуп, анда элчиликтин атташеси, вице-консул Тигран Кондахчян жабыркады деп жазышкан.

"Бул туура эмес маалымат. Эки жума мурун Москвада биздин мекендеш сабалган. Вице-консул Кондахчян окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн ошол жерге барган. Россия ИИМине арыз жазылган", — деди Байымбетова.

Маалымат катчы "вице-консулга кол салуу болбогонун" белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0