Балага жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кайсы кирешеси эсептелет? 9 суроого жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял бир миң сомдук купюраларды кармап турат. Архив
Аял бир миң сомдук купюраларды кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттен жөлөк пулду кандай шартта жашаган үй-бүлөлөр аларын, жардам акчаны алууда эмне мүлкү эсептелип, эмнеси эсепке алынбай турганын билип көрдү.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу аз камсыз үй-бүлөлөргө берилерин билебиз. Бирок аз камсыз дегендерге кимдер, кандай шартта жашагандар кирет? Кайсы учурда үй-бүлө чындап эле жардамга муктаж болуп эсептелет? Ушул жана башка суроолорубузга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Мираида Нактаева жооп берди.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун кандай бүлөлөр ала алат?

16 жашка чейинки балдары бар, үйдө бир адамга бир айлык кирешеси 1000 сомдон төмөн тийген үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алат.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алууга арыз жазуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Азыркы тапта жашап жаткан аймагындагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылуу зарыл. Кайсы жерде катталгандыгы мааниге ээ эмес.

Жөлөк пулду алууда бүлөнүн кайсы кирешелери эсепке алынат?

Случаи пропажи детей - Sputnik Кыргызстан
Министр: өлкөдө ата-энеси белгисиз 42 бала бар, алар жөлөк пул ала албайт
Айлык акысы, стипендия, ишкерликтен түшкөн киреше (салык органдарынын маалыматынын негизинде), жер, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн киреше эсепке алынат. Ал тиешелүү мамлекеттик орган жана айыл өкмөтүнүн маалыматынын негизинде эсептелет.

Кайсы кирешеси эсепке алынбайт?

Пенсиянын бардык түрлөрү, мамлекеттик жөлөк пулдар, сөөк коюу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар эсепке алынбайт. Ошондой эле жумушсуздук боюнча жөлөк пул да эсептелбейт.

Автоунаа, мал, үй дагы эсептелеби?

Жөлөк пул алчу үй-бүлөнүн үйү, турак жайы бар-жогу жөлөк пул берүүдө эске алынбайт.

Транспорт каражаттарынан заводдон чыккан жылын кошкондо 20 жылдан кем эмес колдонулган, кыймылдаткычынын көлөмү 2000 жана андан ашык куб сантиметр болгон, иштеп турган жеңил автоунаа, трактор, комбайн, оор жүк ташуучу унаа жана кичи автобусу эсепке алынат.

Мындан сырткары, мал-жандык да киши башына эсептелет. Мисалы, үй-бүлө мүчөсүнө төрттөн ашык майда жандык тийип калса, анда алар жөлөк пул ала албайт. Ал эми бодо малдын эсеби төмөнкүдөй болот:

1 уй — 6 майда жандык, 1 кунаажын — 4 майда жандык, 1 торпок — 2,5 майда жандык, 1 өгүз — алты майда жандык, 1 жылкы — 7 майда жандык, 1 бука — 8 майда жандык болуп эсептелет.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун суммасы

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 16 жашка чейин ар бир бала үчүн 810 сомду түзөт. Эгерде арыз жазган бүлө бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөк пул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт. Башкача айтканда, аларга акча көбүрөөк чыгат.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер керек?

МККнын электрондук кызматтар  - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо дагы эки электрондук кызматты ишке киргизди
Жөлөк пул ала турган арыз ээси райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына паспортун, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым кат алып барат. Эгерде туруктуу бир жерде иштесе, иштеген жеринен айлык акысы тууралуу маалым кат керек. Калган керектүү документтерди кызматкерлер "Түндүк" мамлекеттик системасы аркылуу чогултуп алышат. Кокус базада айрым маалыматтар жок болуп калса гана суралышы мүмкүн. Азыр мурдагыдай кагаз түрүндө документтер чогултулбай калган.

Жөлөк пулду алуу үчүн ким кайрылышы керек?

Ата-эненин бири же камкорчу. "Үй-бүлөгө көмөк" бардык документтер берилген соң кийинки айдын биринен баштап бир жылдык мөөнөткө берилет. Андан кийин документтерди жаңылап, киреше кайра эсептелет. Бала 16 жаштан ашкандан кийин ага жөлөк пул чегерилбейт. Эгер бала мамлекеттин толук камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөк пул чыкпайт.

Дайындалган жөлөк пул кайдан төлөнөт?

Банк аркылуу төлөнөт, эгер банк жок болсо, почта бөлүмдөрү аркылуу берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0