Президент экономисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Өлкө башчынын куттуктоосунда элдин жашоосун жакшыртуу каржы жана экономика тармагындагы кызматкерлердин ишинен бир топ көз каранды экени жазылган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы каржы жана экономика чөйрөсүндөгү кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун маалымат кызматы жарыялады.

Анда элдин жашоосун жакшыртуу каржы жана экономика тармагындагы кызматкерлердин ишинен бир топ көз каранды экени жазылган.

"Мамлекеттин каржы жана экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталган сиздердин эмгегиңиздерди коомубуз жогору баалайт. Бул маанилүү милдетти аркалоо — сиздерден абийирдүүлүктү, Мекенге берилгендик менен кызмат кылууну талап кылат. Биргеликте жасалган аракеттер менен алдыга коюлган максаттарга жетебиз деп ишенем", — деп айтылат куттукттоодо.

Сооронбай Жээнбеков экономист жана финансисттерге ден соолук, бакыт-таалай каалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0