COVID-19: Чолпон-Атада вирусологиялык лаборатория ачылат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери ташууга биоматериалды даярдап жатат. Архив
Лабораториянын кызматкери ташууга биоматериалды даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 1-июндан тарта эс алуу үйлөрү, пансионаттар жана тарыхый жайлар туристтер үчүн эшигин ачты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Туристтик сезондун башталышына байланыштуу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында вирусологиялык лаборатория ачылат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Чолпон-Атада вирусологиялык лаборатория ачуу боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Эс алуучулар жана жергиликтүү тургундар арасында шек саноолор болсо, ошол лабораторияга анализ тапшыра алышат", — деди Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте санитардык нормалар жана башка сактык эрежелерин иштеп чыкты.

Эске салсак, Кыргызстанда 1-июндан тарта эс алуу үйлөрү, пансионаттар жана тарыхый жайлар туристтерге эшигин ачты.

Жаңылыктар түрмөгү
0