Шейшембиге карата аба ырайы

CC0 / Pixabay / catcrawf1990Тоолордо жаан жаап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Тоолордо жаан жаап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Нарын жергесинин кээ бир райондорунда жана Ош облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 2-июнда Чүй менен Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Гидрометеоролог Таалайбек Чокогулов - Sputnik Кыргызстан
Суунун көлөмү көбөйсө эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Гидрометеорологдун маеги
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Таласта +27…+32, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарында +19…+24 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы баш калаада +31…+33 градуска чейин жетсе, Ош шаарында күндүн табы +33…+35 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0