Бишкек менен Нарында коронавирустан бир суткада 25 бейтап айыкты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова
Госпиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен бир суткада 25 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 1113 болду.

"Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен Бишкектен 15, Нарындан 10 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", — деди Үсөнбаев.

Тестирование на COVID-19 в лаборатории НИИ Склифосовского - Sputnik Кыргызстан
Теңинен көбү Нарында. Кыргызстанда 60 адам коронавируска чалдыкты
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722ге жетти. Анын ичинен 1113ү айыгып, 16сы каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0