18:15 07 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.6875
  • EUR87.5150
  • RUB1.0764
Коом
Кыскача шилтеме алуу
656 0 0

Россиянын бир катар аймактарында да жай адаттан тыш аптаптуу болору божомолдонду. Түндүк Сибирь, Ыраакы Чыгышта абанын температурасы нормадан 60 пайызга чейин жогору болуп, ысый турганы айтылды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда быйыл абанын температурасы нормадан 40 пайызга жогору болот. Мындай божомолдуу маалымат КМШ өлкөлөрүнүн аба ырайына прогноз кылган форумдун материалдарында жазылганын РИА Новости билдирди.

"Быйылкы жайда абанын температурасы Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Казакстандын түштүк, батыш, чыгыш тарабындагы аймактарда нормадан 40 пайызга жогору болушу божомолдонууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Россиянын бир катар аймактарында да жай адаттан тыш аптаптуу болот. Түндүк Сибирь, Ыраакы Чыгышта абанын температурасы нормадан 60 пайызга чейин жогору болуп, ысый турганы айтылды.

Синоптиктердин маалыматында, кышкы сезонго берилген ушундай эле прогноз 70 пайыздан 76 пайызга чейин туура болуп чыккан.

Тема боюнча

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Белгилер:
божомол, жай, аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ