Өлкөдө дагы 23 киши ооруканадан айыгып чыкты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүОорукананын медицина кызматкерлери коронавирустук инфекцияны жуктуруп алгандар үчүн. Архив
Оорукананын медицина кызматкерлери коронавирустук инфекцияны жуктуруп алгандар үчүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жаңы айыккандардын көбү Бишкек шаары менен Нарын облусунан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 23 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында 9, Нарын облусунда 12, Жалал-Абад облусу менен Ош шаарында бирден бейтап сакайды", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0