COVID-19: оору менен алышкан дагы 12 медик вирус жуктуруп алды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүРеанимация бөлүмүндө иштеген медицина кызматкерлери. Архив
Реанимация бөлүмүндө иштеген медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оору жуктурган медиктин бешөө Бишкектен, жетөө Ош облусунан. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, оору жуктурган медиктин бешөө Бишкектен, жетөө Ош облусунан. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 299 учур катталды. Алардын ичинен 243ү ооруну жеңген.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Анын 1043ү айыгып, он алты киши каза тапты.

Ооруканадагы бейтапты медициналык кызматкерлер текшерүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын үч аймагында коронавирустан 28 бейтап айыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0