12:00 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Коом
Кыскача шилтеме алуу
976 0 0

Диетолог өрүк ден соолукка пайдалуу экендигин эске салып, бирок аны көп жей берсе зыяны дагы тиерин белгиледи. Дени сак адамга күнүнө 250-300 граммдай өрүк жетет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Өрүктү ашкере жеп алуу ичеги-карындын иштешин бузуп, аллергияны шарттайт. Бул тууралуу Москва шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы диетологу Антонина Стародубова билдиргенин РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, өрүктү көп жегенде ичегилер кыжылдап кеткендиктен анын иштешинде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

"Өрүктүн курамында А витамини менен бета-каротин иммундук системаны чыңдоого жардам берип, жугуштуу оорулардан оолак кылат. Ал эми С, В, В1, Е витаминдери жана магний, фосфор, йод, темир, калий сыяктуу минералдар жүрөк-кан тамыр менен нерв системаларынын иштешин жакшыртат. Ошондой эле өрүктүн ичиндеги тамак-аш буласынын көп болушу холестеринди нормалдаштырып, ичеги-карындын иштешине оң таасирин тийгизет", — деген адис.

Бирок диетолог белгилегендей, пайдалуу деп эле өрүктү кечке жей бергенге болбойт. Дени сак адамга күнүнө 250-300 граммдай өрүк жетет.

Мындан тышкары өрүктүн данегин жебей эле койгон жакшы экендигин кошумчалады. Себеби андагы амигдалин заты уулуу болуп саналат.

Тема боюнча

Диетолог микро толкундуу мешке кайсы азыктарды жылытпаш керектигин айтты
Белгилер:
диетолог, ичеги, өрүк

ЭҢ МААНИЛҮҮ