04:27 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Коом
Кыскача шилтеме алуу
793 0 0

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы негизги кирешени Ысык-Көлдөгү туристтик маалдан тапкандардын абалы кандай болот жана бийлик бул тармак боюнча эмне чараларды көрө турганына кызыгып көрдү.

Туризм — көлдүктөрдүн көбүнүн негизги киреше булагы. Туристтерди кабыл алган жеке тараптар, тамак-аш саткандар, администраторлор, күзөтчүлөр, таксисттер жана дагы бир топ адамдар бар. Булар ошол эки айда үй-бүлөсүн бага турган акчанын бир бөлүгүн таап ала турган. Эми абал эмне болот?

Акыркы жылдары туризм тармагы бир топ жакшырып, ички дүң продукциянын кадыресе бөлүгүн түзүп калган. Эксперттин айтымында, Ысык-Көл Кыргызстандагы турзим сферасынын кирешесинин 90 пайызын жаап келген.

Анткен менен коронавирус пандемиясы дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле капшабына Кыргызстанды да алды.

Анда кабарчыбыз кайрылган тараптардын пикирин тыңдасак.

Ысык-Көл облусунун тургуну Наиля Раззакова жайында үйүнүн 8 бөлмөсүнө эс алуучуларды киргизип, 15 жылдан бери акча тапчу.

"Көлдүктөр жайында иштеп калганга аракет кылат. Ансыз деле сезон кыска эле, эми минтип коронавирус келди. Бактыга жараша, банктан насыя алган эмесмин. Башкалар кантип жатат, билбейм. Пенсиядамын. Картошка, сабиз отургуздук. Алча бышса, эми аны сатабыз. Өлбөйбүз. Жаштарга гана жаман болду, иши жок калган кыйын", — деди ал.

Ысык-Көлдөгү пансионаттар ассоциациясынын башчысы Акжолтой Насырдинов оптимисттик маанайда. Бирок абал бир топ эле кыйын экенин жашырбайт.

"Коронавирус кырдаалы июлга чейин уланат деген божомол бар. Чектөөлөрдү алган күндө деле эл баары бир коркот, андыктан эс алуучулар аз болот. Тилекке каршы, быйылкы туристтик маалды унутуп турууга туура келет. 150 пансионаттын ичинен 7-8и эле жыл бою иштейт. Калгандары июль-августта гана киреше тапчу, эми узакка күтүүгө туура келет. Пансионаттардын көбүнүн жетекчилеринин алган насыясы бар. Оңдоп-түзөөгө, жаңылоого, курулушка, ишти баштаганга алган элек. Абал начар, акчаны төлөө мөөнөтү келе жатат, ал эми киреше жок. Кээ бирлери күзөтчүлөргө төлөй албай калды. Андан сырткары жердин, Социалдык фонддун салыгы, электр энергияга төлөй турган чыгымдар бар. Бул бир эле жагы. Жыл сайын пансионатта 100-150гө чукул адам иштечү эле. Эми алар да жумушсуз калды", — дейт Насырдинов улутуна.

Анын эсеби боюнча пансионатта иштеп үй-бүлөсүн баккан 15 миңге чукул киши быйыл кирешесиз калат.

Отдыхающие на пляже озера Иссык-Куль в городе Чолпон-Ата. Архивное фото
© Sputnik / Михаил Дудин
Ысык-Көл, Кыргызстан

"Аврора" мамлекеттик санаторийинин директору Максат Шабданбеков алдын ала буюртма берип номер ээлеген кишилердин карааны жок экенин белгиледи. Ал эми мурда брондогондорго акчасын кайтарып берүүгө туура келип жатат.

"Башка пансионаттардан айырмаланып, биз жыл ичи иштей беребиз. Бул күндөрү кызматкерлер ишке кезектешип чыгып жатат. Себеби күтпөй турган сугаруу, бак-дарактарды кароо, тазалап туруу деген учурлар бар. Биз ири компаниялар менен келишим түзүп, кызматкерлери ушул жерден эс алып кетчү эле. Абалдан ошолор эле чыгарып кетет деген үмүт бар. Андан сырткары ички туризмге ишеним артып турабыз. Эгерде облустар арасындагы чектөө алынбаса, ал деле жардам бербейт", — деди санаторийдин директору.

Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров ички туристтерге деле ишеним артпай турганын айтты.

"Өзүбүздүн ички көйгөйүбүздү чечип алуу жетишсиз. Ал үчүн дүйнөнүн, чет өлкөлөрдүн маселеси жайгарылып, авиакаттамдар иштеп, чек ара ачылышы керек. Ички туризмге басым жасаш керекпи? Ооба, бишкектиктер көбүрөөк Ысык-Көлдө эс алат. Анда деле экономикалык абалды караш керек. Орточо жашаган кыргызстандыктын каражаты кандай болот? Кыргызстан боюнча саякаттоого кудурети жетеби?" — деп суроо салды Сапаров.

Экономист Нургүл Акимованын айтымына караганда, туристтик тармактын аксашынан ички дүң продукциянын көлөмү 5 пайызга түшөт (Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылы туризм ИДПнын 5,2 пайызын түзгөн).

"Киреше азайгандыктан, албетте, суроо-талап да кыскарат. Экономиканын өсүү темпи төмөндөгөндөн сырткары, бул тармакта иштегендер кирешесин ала албай калат. Ал эми бул нерсе жакырлардын катарына кошулуп, мамлекеттин багуусунда калуу тобокелдигин жаратат. Бизнес ээлери кредиттерин, имарат ижарасын төлөөгө баш оорутуп, коммуналдык кызматтарды жана мүлк салыгын төлөө да маанилүү учурга айланат", — деди Акимова.

Туризм боюнча эл аралык уюм (UNWTO) өлкөлөрдү туризмди болуп көрбөгөндөй колдоого чакырууда.

"Туризм дүйнөнүн көп аймактарында келечекти курган маанилүү учур болушу керек. Мурдагы кризистердеги кайра калыбына келүү тажрыйбалары биздин тармактын маанилүү экендигин далилдеди", — деп айтылат уюмдун башкы катчысынын кайрылуусунда.

Через месяц этот пляж будет заполнен туристами
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ысык-Көлдө сүзүү мезгилинин ачылышы

Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти коронавирустун туристтик тармакка тийгизген кесепетин иликтеп жатат. Анын жыйынтыгында антикризистик план түзүлмөкчү.

"Анда кыска, орто жана узак мөөнөттүү кадамдар каралат. Салык алуудан тарта, ишкерлерге насыя жагынан жардам кылууга чейинки учурлар эске алынат. Документ келерки аптада даяр болот. Коңшу мамлекеттер чек араны 1-июлдан тарта ача тургандыгын айтып жатышат. Ага чейин туризмдин Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде жанданышы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү деп жатабыз. Андан сырткары ички туризмге түрткү берүү көз жаздымда калбайт. Жок дегенде туристтердин 30-40 пайызы келгендей шарт түзүшүбүз керек", — деди Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу.

Ал былтыр туристтик кызматтарды экспорттоо 613 миллион долларды түзгөндүгүн билдирди.

Эгерде туристтердин 70 пайызы келбесе, Кыргызстан алдын ала эсептөө боюнча 430 миллион доллардан ашык каражат жоготорун айтты.

Мунун баары Ысык-Көлдүн табиятына кандай таасир тийгизет

Эколог Сергей Криворучко туристтердин азайышы Ысык-Көлдүн жаратылышына эки тараптуу таасир тийгизерин айтып берди.

“Бир жагынан суу тазарары түшүнүктүү, күзгө дейре, балким, балык пайда болуп калар. Мисалы, чабак балыгы жээкке жакын жүрөт, бирок катер, скутер сыяктуу флайборддор ага жолтоо болуп келет. Капчыгайлар акырындап калыбына келе баштайт, толук калыбына келүү үчүн 5-10 жыл керек. Бирок экинчи жагынан эс алуучулар болбосо айыл чарба продукциясын чыгарууда кыйынчылыктар жаралат, элдин жашоосу туристтерге байланышкан. Экономикалык кысым канчалык күчтүү болсо, жергиликтүү тургундар табиятка ошончолук басым жасайт. Бак-дарактар, бадалдар отунга кыйылып, жаныбарларга аңчылык күчөйт”, — деди эколог.

Ал мунун баарына элди күнөөлөгөнгө болбой турганын, бул жашап кетүү үчүн табигый нерсе экенин белгиледи.

Тема боюнча

Каракол 2022-жылы КМШнын маданий борбору болушу ыктымал
Өзүбеков: өлкөнүн экотуризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар
Белгилер:
божомол, план, жоготуу, кризис, коронавирус, туризм, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ