23:54 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
449 0 0

Аба ырайынын өзгөрүшү айыл чарба, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанда 16-20-май күндөрү аба ырайы өзгөрүп мезгил-мезгили менен жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 18-майда күндүз Баткен облусунун, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт.

Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Тема боюнча

Казакстан: нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, үйлөрдү суу каптап жаткан видео
Белгилер:
Баткен облусу, шамал, жамгыр, Кыргызстан, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ