Ошто жер көчүшү мүмкүн деген аймакта жашагандар көчүрүлүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРЭвакуация жителей из-за угрозы оползня в районах Ошской области
Эвакуация жителей из-за угрозы оползня в районах Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик тигилген чатырларга жарандарды убактылуу көчүрүүгө тийиш. Ал эми жашоочуларды ар тараптуу камсыздоо райондук жарандык коргонуу кызматтарына жүктөлгөн.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы кооптуу аймактарда жашаган жарандарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү үчүн чатырлар тигилип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулаймановдун айтымында, аталган облуста 2488 үй-бүлө кооптуу деп эсептелген жерде жашаса, анын 2406сы жер көчкү ыктымалдуулугу жогору болгон аймактарда күн кечирип келет.

"Үй-бүлөлөрдү коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүү иштери 25-апрелде башталды. Ал үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Алай районунун өрт-куткаруу бөлүмү тартылып, Таш-Короо айылында 18 даана чатыр тигилди. Андан сырткары Өзгөн райондук бөлүмгө 20, Кара-Кулжа райондук бөлүмгө 15 даана чатыр жеткирилип, алар аталган райондордогу кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр үчүн орнотулуп берилет", — деди Сулайманов.

Катуу шамал учурунда аял зонтик менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Ал жергиликтүү бийлик тигилген чатырларга жарандарды убактылуу көчүрүүгө тийиш деди. Ал эми жашоочуларды ар тараптуу камсыздоо райондук жарандык коргонуу кызматтарына жүктөлгөн.

Жаз мезгили келгендигине байланыштуу табигый мүнөздөгү кырсыктардын коркунучтарын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүү боюнча тургундарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0