03:36 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
597 0 0

Буга чейин социалдык тармакта жолдошу менен ажырашкан жалгыз бой аял таксистти издеп жатканы жарыяланган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаада таксист жалгыз бой аялга азык-түлүк жеткирип берем деп алдап кетти деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармакта жолдошу менен ажырашкан жалгыз бой аял таксистти издеп жатканы жарыяланган. Анда аял мурдагы күйөөсү баласына дары-дармек, жалаяк жана бир айлык азык-түлүгүн таксиге салып жибергенин, бирок айдоочу ага аманатты жеткирбей койгонун айткан. Бул боюнча милицияга арыз жазып, бирок үч күндөн бери табылбаганына нааразы болгон.

Ал эми комендатуранын билдиришинче, 31-мартта Ленин райондук милициясына Н.В. аттуу эркек киши кайрылган.

“Кечки саат 17.00дө Чапаев көчөсүндөгү дүкөндөн 2510 сомдук азык-түлүк алып, аны Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа айдаган таксисттен берип жибергем. Бирок ал үйгө жеткирип бербей, из жашырып кетти”, — деп арыз жазган жабырлануучу.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 92-беренеси ("Аз көлөмдөгү алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Анын алкагында 30 жаштагы С.Р. аттуу жаран кармалып, сурак бергенден кийин сыртка чыкпоого тил кат жазуу менен бошотулган.

Бирок шектүү сурак учурунда аялдын телефон номерин туура эмес жазып алгандыктан үйүн таппай эки күн жүргөнүн, үчүнчү күнү барганда үйдөн бирөө чыгып азык-түлүктүн ээси экенин айтып алып калганын билдирген.

Тема боюнча

Министр: "үйдү дезинфекциялайбыз" деп келгендерге ишенбегиле!
Белгилер:
аял, таксист, адалдоо, азык-түлүк, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ