Индияда мечитте жашырынып жүргөн 9 кыргызстандыкты полиция кармап кетти

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүИндиядагы Джама-Масджид мечити. Архив
Индиядагы Джама-Масджид мечити. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция COVID-19 жуктурган дааватчылар менен байланышта болгон адамдарды табуу үчүн операция жүргүзгөн.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Индиянын Бангалор шаарындагы мечиттердин бирине жашынып алган "Таблиги Жамаат" диний кыймылынын өкүлдөрү полиция тарабынан кармалды. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары дагы бар. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдары COVID-19 жугузуп алган "Таблиги Жамаат" кыймылынын мүчөлөрү менен байланышта болгон адамдарды табуу үчүн операция жүргүзгөн. Шейшемби күнү кечинде жергиликтүү тургундар Горипали районундагы мечитте ондогон дааватчылар жашынып отурганын кабарлашкан.

"Биз жашыруун жол аркылуу мечитке барып 31 дааватчыны кармадык. Арасында Индонезиянын он, Кыргызстандын тогуз жараны бар. Чет элдиктер мечиттин экинчи, үчүнчү кабатында жашап жатышкан. Алар коопсуздугуна тынчсызданып качып кетүүгө аракет кылган. Баарын кармап келип, коронавирустан текшерилүүгө жөнөттүк", — деп айтып берген полициянын кызматкери Times of India басылмасына.

Пакистандын Пешавар шаарынын жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Пакистанда коронавирус жуктурган 3 кыргызстандыктын чоо-жайын айтты
Бүгүнкү күндө кармалган адамдардын баары карантинге алынган. Териштирүү учурунда полиция кыргызстандыктар Нью-Дели шаарында "Таблиги Жамаат" кыймылынын эл аралык конференциясына катышып, андан соң Бангалорго келгенин аныктаган. Дал ошол конференцияга катышкан кыймылдын айрым мүчөлөрүнөн коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-апрелде, Индиянын ЖМКлары Нью-Дели жана Панта шаарларында даават кылып жүргөн 25 кыргызстандык карантинге алынганын жазып чыккан. Алар дагы "Таблиги жамаат" диний кыймылынын мүчөлөрү болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0