Жакшы кабар! Коронавирус менен реанимацияда жаткан 5 киши палатага которулду

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүДарыгер капельницаны бейтапка даярдап жатка убакытта. Архив
Дарыгер капельницаны бейтапка даярдап жатка убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дарыгерлер 71 жаштагы жарандын пневмония оорусу байкалып жатканын айтышкан эле. Башка бейтаптардын абалы дагы орточо оор деп бааланып жаткан.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн алты жарандын бешөө палатага которулду. Анын арасында биринчилерден болуп түшкөн 71 жаштагы кыргызстандыктын абалы дагы турукташканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Реанимацияда жаткан беш адамдын абалы жакшырганына байланыштуу палатага которулду. Алардын арасында эң биринчи реанимацияга түшкөн Сузактын 71 жаштагы тургуну дагы бар. Ал эми бирөөнүн абалы оор бойдон Жалал-Абад облустук ооруканасында реанимацияда кармалууда. Белгилей кетсем, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөрдүн ич кимиси өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына муктаж болгон эмес”, — деди Акматова.

Буга чейин дарыгерлер 71 жаштагы жарандан пневмония оорусу байкалып жатканын айтышкан эле. Башка бейтаптардын абалы дагы орточо оор деп бааланып жаткан.

Коронавирус Кыргызстанда

Россиялык белгилүү ырчы Лев Лещенко - Sputnik Кыргызстан
Россиялык белгилүү ырчы Лев Лещенкодон коронавирус аныкталды
Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0