00:36 24 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.3486
  • EUR92.8656
  • RUB1.0392
Коом
Кыскача шилтеме алуу
75 0 0

25-марттан тарта Бишкекте өзгөчө абал жарыяланып, жарандардын шаарга жүрүшүнө чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Учурда иштеп жаткан ар бир мекеме өзүнүн кызматкерлерин ташууга транспорт уюштуруп бериши керек. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, иштөөгө уруксат берилген мекемелердин кызматкерлери иштеген жеринен маалым кат алып жана иш графигин, бара турган жерин көрсөткөн маршруттук баракчасын жанына салып жүрүшү зарыл. Ал эми аларды ташыган айдоочуда кызматкерлердин тизмеси болушу шарт.

"Бардык мекеме, уюмдар кызматкерлери үйүнө барып келиши үчүн транспорт уюштуруп бериши керек. Өзүлөрүндө автоунаа жок болсо башкасын жалдашы зарыл", — деди Асрандиев.

Ал эми азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттарын жана эң биринчи керектелүүчү товарларды ташып бара жаткандарды посттордон тоскоолдуксуз өткөрүү буйругу чыкты. Ал буйруктун көчүрмөсүн жүк ташуучулар чыгарып жанына салып алышы керек. Эгер маселе жаралса, көрсөтө алат.

Тема боюнча

Бишкекте коменданттык саатты бузган 193 адам кармалып, милицияга жеткирилди
Бишкекте көчөлөр эмнеге жабылды? Комендатура себебин айтты
Комендант Бишкекке азык-түлүк ташыган ишкерлер кайсы посттон өтө аларын айтты
Белгилер:
азык-түлүк, пост, ишкер, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ