01:39 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (874)
236 0 0

Аталган кийимдерди №87 Мырзабеков атындагы кесиптик лицейдин мугалимдери тигип жатат. Алар учурда күнү-түнү иштөөгө туура келип жатканын кошумчалашкан.

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу оорулардан коргонуучу атайын кийим-кечелер тигилип, Кочкор районундагы Сары-Чат өткөрүү постунда нөөмөткө туруп иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырылды. Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Спец одежда была передана сотрудникам КПП Сары-Чат в Кочкорском районе
    Нарын шаарындагы жугуштуу оорулардан коргонуучу атайын кийим-кечелер тигилип, Кочкор районундагы Сары-Чат өткөрүү постунда нөөмөткө туруп иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырылды
    © Фото / Пресс-служба полномочного представительства правительства в Нарынской области
  • Учителя профессионального лицея №87 имени Мырзабекова в процессе работы над спец одеждой против вирусов
    Бул туурасында Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / Пресс-служба полномочного представительства правительства в Нарынской области
  • Учителя профессионального лицея №87 имени Мырзабекова в процессе работы над спец одеждой против вирусов
    Аталган кийимдерди №87 Мырзабеков атындагы кесиптик лицейдин мугалимдери тигип жатат
    © Фото / Пресс-служба полномочного представительства правительства в Нарынской области
  • Спец одежда была передана сотрудникам КПП Сары-Чат в Кочкорском районе
    Аталган өкүлчүлүктүн, Нарын шаардык мэриясынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин буюртмасы менен 19-марттан бери 600 бет кап жана 800 даана коргонуучу кийимдерди даярдашкан
    © Фото / Пресс-служба полномочного представительства правительства в Нарынской области
1 / 4
© Фото / Пресс-служба полномочного представительства правительства в Нарынской области
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулардан коргонуучу атайын кийим-кечелер тигилип, Кочкор районундагы Сары-Чат өткөрүү постунда нөөмөткө туруп иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырылды

Аталган кийимдерди №87 Мырзабеков атындагы кесиптик лицейдин мугалимдери тигип жатат.

Аталган өкүлчүлүктүн, Нарын шаардык мэриясынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин буюртмасы менен 19-марттан бери 600 бет кап жана 800 даана коргонуучу кийимдерди даярдашкан.

"Жалпысынан 1500 буюртма алганбыз, дагы 700дү даярдап берүүгө сунуш түштү. Бул иш ыкчамдыкты талап кылгандыктан өзүбүздө иштеген мугалимдерден сырткары үйүндө иштеген 6 тигүүчүгө сүйлөшүп, аларга да тиктирип жатабыз", - деген мугалимдердин бири.

Алар учурда күнү-түнү иштөөгө туура келип жатканын кошумчалашкан.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 23-марттагы маалыматка карата 16 кишиге (жети эркек, тогуз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (874)

Тема боюнча

Бишкекке коронавирустан улам 12 санитардык пост коюлууда. Карта
Коронавируска кабылган эмес. Тротуарда жаткан киши мас болуп жыгылганы айтылды
Кыргызстандын спортчулары Олимпиадага обочо жерде даярданат. Сунушталган аймак
Белгилер:
бет кап, кооптуулук, коронавирус, лицей, Нарын облусу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ