Кыргызстанга дагы канча санитардык-карантиндик пост орнотулары айтылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВспышка африканской чумы свиней в Новгородской области
Вспышка африканской чумы свиней в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдары болот.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жети облусунда 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Алар төмөнкү жактарга коюлмакчы:

  • Баткен облусунун Караван айылында — 1 пост;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдарында, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында — 4 пост;
  • Жалал-Абад облусундагы Чычкан постунда — 1 пост;
  • Талас облусунда Көпүрө-Базар айылында — 1;
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Чат айылында — 1 пост;
  • Ысык-Көл облусунун Кубакы постунда — 1 пост;
  • Чүй облусунда Сосновка, Маловодное, Киргшелк, Ак-Жол, Алматы айланма жол постторунда — 5 пост.

Санитардык-карантиндик посттор эки нөөмөттө күнү-түнү иштейт. Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдары болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0