Беткапчан кишилер уйкунун дарысын сээп, үйлөрдү тоноп жатабы? ИИМдин жообу

© AFP / NOEL CELISКолуна союл кармаган адам. Архив
Колуна союл кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ өлкөдөгү коронавирус кырдаалы боюнча жалган маалымат тараткандарды издөөдө. Мессенжер, соцтармактагы көп билдирүүлөр министрлик тарабынан төгүндөлүп жатат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги "үйлөргө бет кап кийгендер дезинфекция кылабыз деп келип, уйкунун дарысын сээп, үйлөрдү тоноп жатыптыр" деген маалыматты төгүндөдү.

Мындай билдирүү өлкөдө коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам соцтармак, мессенжерлерде тарап жатат.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да бул боюнча маалымат берип, үйлөрдү дезинфекциялоого дарыгерлер чыгарылбаганын айткан.

Министрдин айтымында, мындай адамдарды эч качан үйгө киргизбөө керек.

ИИМ фейк, жалган маалыматтарды тараткандар изделип жатканын кошумчалады.

Кыргызстандагы коронавирус

Мечитти дезинфекциялап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе
Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Алгачкы үч киши Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Вирус жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Азыр Сузак менен Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0