Ошто коомдук транспорттун айдоочуларына бет каптар таратылат. Сүрөт

© Фото / мэрия города ОшДезинфекция общественного транспорта в Оше
Дезинфекция общественного транспорта в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү. Натыйжада көп жолу колдонулчу бет каптар айдоочуларга таркатылмай болду.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ош шаарында коомдук транспорттор менен маршруттук каттамдардын айдоочуларына бет каптар таратыла турганын аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү. Натыйжада көп жолу колдонууга мүмкүн болгон бет каптар буйрутма менен тигилип, маршруттук линияга чыккан кичи автобус, автобус жана троллейбустардын айдоочуларына таркатылат.

© Фото / мэрия города ОшОш шаарында коомдук транспорттор менен маршруттук каттамдардын айдоочуларына бет каптар таратылат
Ош шаарында коомдук транспорттор менен маршруттук каттамдардын айдоочуларына бет каптар таратылат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош шаарында коомдук транспорттор менен маршруттук каттамдардын айдоочуларына бет каптар таратылат
© Фото / мэрия города ОшОш шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү.
Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү.
1/2
Ош шаарында коомдук транспорттор менен маршруттук каттамдардын айдоочуларына бет каптар таратылат
2/2
Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги учурда бет кап тигип жаткан ишканалардын бири менен келишим түздү.

Шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев эл ташыган каттамдардын тазалыгы коронавирусту алдын алууга жана аны жайылтпоого өбөлгө түзөрүн белгилеген.

"Биз жүргүнчүлөр үчүн жооптуубуз. Каттамга чыгардын алдында Санэпидем кызматкерлери менен биргеликте унааларды тазалап, дезинфекциялап, айдоочулар болсо бет кап тагып иштейли деп жатабыз. Тийиштүү талаптар аткарылбаса айдоочулар маршруттук линиядан четтетилет. Күн сайын рейд жүргүзүлүп, текшерип турабыз", — деген вице-мэр.

Мындан тышкары, окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылгандыктан каттамдардын санын азайып, убактылуу нормадан ашык жүргүнчүлөрдү ташыбоо тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0