23:39 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (114)
208 0 0

Окуя Ош — Кара-Суу унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Унаадагы 18 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

ОШ, 13-мар. – Sputnik. Кара-Суу районунун Тельман айылында айдоочу аял кырсыктап көз жумду. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 13-мартта, таңкы саат 04:00дөр чамасында болгон.

Ош — Кара-Суу унаа жолунун 19-чакырымында Кара-Суу айылынын 36 жаштагы жашоочусу Mersedes Benz үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, жол четиндеги бетон тосмолорду сүзүп кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен айдоочу аял мүрт кеткен", — дешти милициядан.

Унаада 18 жаштагы жүргүнчү болгон, ал райондук ооруканага жаткырылды.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (114)

Тема боюнча

Желдей учуп келип аялды сүздү. ГЭС-2 аймагындагы жол кырсыгынын видеосу
Жайнаган 1000 сомдуктар. Ошто сот аткаруучу пара менен кармалган видео
Белгилер:
оорукана, аял, айдоочу, кырсык

ЭҢ МААНИЛҮҮ