12:37 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1424)
887 0 0

Бүгүн, 13-мартта, коңшу Казакстанда эки киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар Алматы шаарына Германиядан келгени айтылды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Азырынча Кыргызстан коронавирусту алдын алуу боюнча мурдагыдай эле коопсуздук чараларын улантат. Андан кийинки кадамдар Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында талкууланат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 13-мартта, коңшу Казакстанда эки киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар Алматы шаарына Германиядан келген.

"Казакстандагы окуядан кийин деле мурдагыдай эле алдын алуу иштери улантылмакчы. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр боло турган болсо Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында белгилүү болот", — деди Алтымышева.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан коронавирус кооптуулугу жагынан өлкөлөрдү үчкө бөлгөн. Эки күн мурда Германия биринчи категорияга кошулган. Эми ал жактан же ал аркылуу келген жарандар эки апталык медициналык жайда өтүүчү карантинге алынат.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1424)

Тема боюнча

Мектептер менен университеттер карантинге жабылабы? Министрликтин жообу
Казакстанда коронавирус жуктурган эки киши аныкталды
Белгилер:
коронавирус, Германия, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ