БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Энелерди жана балдарды коргоо мамлекеттик органдардын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосунда айтылды.
"Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет. Элибизде энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып жүрөт. Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк да асыл зат аялдарга таандык", — деп айтылат куттуктоодо.
Мындан тышкары, мамлекет башчы аялзатынын коомдук, экономикалык жана саясий турмушуна кошуп жаткан салымына токтолду.
Куттуктоосунун аягында президент аялдардын жашоо-турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.