Коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгенин жашырган кыргызстандыктар аныкталды

© REUTERS / Yara NardiЖүргүнчүлөр мединциналык маскачан аэропортто жургөн учурда. Архив
Жүргүнчүлөр мединциналык маскачан аэропортто жургөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Кыргызстанга Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиядан келгендердин киришине чектөө коюлган. Бул мамлекеттерден келген кыргыз жарандары эки апталык карантинден өтүүгө милдеттүү.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгенин жашырып койгон кыргызстандыктар аныкталып, карантинге алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта, өткөн маалымат жыйын учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Жалбиев билдирди.

Отделение для людей с подозрением на коронавирус в Боткинской больнице - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореядан келген 21 кыргызстандык карантинге алынды. Алардын абалы кандай
Анын айтымына караганда, Кыргызстанга келген 13 жаран коронавирус жайылган өлкөлөрдө, тагыраагы, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Иран, Италияда болушканын жашырып коюшкан. Алар жалпы жарандык паспорттун ордуна ID-карталарын көрсөтүшкөн. Бирок кийинчерээк алардын кайсы өлкөлөрдө болгону аныкталып, карантинге алынышты.

Эске салсак, ушул тапта Кыргызстанга Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италия жарандарынын киришине чектөө коюлган. Бул мамлекеттерден келген кыргыз жарандары эки апталык карантинден өтүүгө милдеттүү.

Соңку маалыматка караганда, коронавируска кабылгандардын саны 95 413 кишиге жетти. Анын 53 257си сакайып кетсе, 3 285 адам көз жумду.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0