12:23 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
122 0 0

5-7-класстарга тарыхтан сабак берген мугалим ишке 2019-жылы медициналык көзөмөлдөн өткөндөн кийин алынган. Андан соң педагог ооруп жумуштан суранып кеткен.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаанын №38 окуу-тарбиялык комплексинде кургак учуктун ачык формасы менен ооруган мугалим иштеп жүргөн. Бул тууралуу мэриянын билим берүү жана саламаттыкты сактоо башкармалыктары кабарлады.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Наталья Никифорованын айтымында, 5-7-класстарга тарыхтан сабак берген мугалимди ишке 2019-жылы медициналык көзөмөлдөн өткөрүп туруп алышкан.

Ошол эле айда анын ден соолугу начарлап, мугалим ооруп суранып кеткен. Дарыгерлер ага алгач пневмония деген диагноз коюшкан. Кийинчерээк кургак учуктун белгилери аныктала баштаган.

"Ооруп суранып кеткенден кийин ал өз каалоосу менен жумуштан чыккан. План боюнча бардык профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. 5-7-класстын окуучу, мугалимдерине флюорография жасалып, эч кимден илдет чыккан эмес", — деди ал.

Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова педагогдун кургак учуктун ачык формасы менен ооруп, ал стационардык шартта дарыланып жатканы тууралуу эскертме Свердлов районунун үй-бүлөлүк медициналык борборунан 27-февралда гана келгенин айтты.

"Оору жуккан-жукпаганын аныктоо үчүн 40 бала текшерилди. Эртең дагы 45и каралат. 140 мугалим, 172 окуучу текшерүүдөн өтөт. Негизи мугалим дени сак болчу, ошол себептен ага иштөөгө уруксат берилген. Андан кийин ооруп калып, кургак учукка кабылганы аныкталды", — деди ал.

Педагогдун кургак учук менен ооруп жатканы тууралуу эскертме эмне себептен февралда келгени боюнча азырынча маалымат бериле элек.

Тема боюнча

Коронавирус кимдерге коркунуч жаратпайт. Окумуштуулардын пикири
Тишин көп жуубаган кишилер кандай ооруларга кабылат. Жаңы изилдөө
Белгилер:
оору, кургак учук, мугалим, мектеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ