00:06 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
320 0 0

Эгер шаардыктардын кандайдыр бир маселеси жаралса, алар мэриянын WhatsApp каналына жаза алышат. Мындан сырткары, кыска номерлер аркылуу суроолорго жооп алса болот.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууп-тазалай баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда ишканадагы атайын техниканын кышкы жабдыктары алмаштырылды.

"Бүгүн Манас, Жибек Жолу, Чүй, Дэн Сяопин проспектилери жана Фучик, Махатма Ганди, Байтик баатыр, Абдрахманов, Лев Толстой, Гагарин, Фрунзе, Шопоков, Ибраимов, Юнусалиев, Ахунбаев, Шабдан баатыр көчөлөрү жуулду", — деп жазылат маалыматта.

Эгер шаардыктардын кандайдыр бир маселеси жаралса, алар мэриянын WhatsApp каналына жаза алышат. Каналдын номери — 0554 182 185. Мындан сырткары, 1840 жана 1850 номерлери да күнү-түнү иштөөдө.

Жарандар район акимдеринин орун басарларына да чалып байланышка чыга алат.

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — 0772 192 074;
  • Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;
  • Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — 0551 571 823.

Тема боюнча

Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты
Белгилер:
Бишкек мэриясы, тазалоо, көчө, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ