08:58 10 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
17001

Депутат өкмөттөн Кыргызстандан чыккан суулар Казакстан менен кандай шартта бөлүнүп жатканын сурады.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Чүй өрөөнүндөгү суулар Казакстанга сатылып кетип, жергиликтүү дыйкандарга жетпей жатканын билдирди.

Бүгүн өкмөт мүчөлөрү жазгы талаа иштери боюнча парламентке маалымат берди. Анда депутат Чүй дарыясындагы суу Казакстан менен кандай шартта бөлүнөрүн сурады.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун айтымында, суунун 52 пайызы Чүйдө калып, 48 пайызы казак тарапка агат. Мындай келишим 1983-жылы түзүлүп, ошондон бери өзгөртүлгөн эмес.

"Андан бери канча жыл өттү? Эмнеге суунун жарымын берип жатабыз, ушуга түшүнө албай жатам", — деп таң калды Абдылдаев.

Буга Боронов эки мамлекеттин чек арасы ошол дарыя менен белгиленгенин айтып, маселе чечилбей жатканын белгиледи.

"Ачыгын айтайын, сууну сатып жатабыз. Казакстанга 42 пайыздан дагы көп агып кетүүдө. Мындан улам өзүбүздүн дыйкандарга суу жетпей калып жатат. Чүй облусунун ирригация маселесин эки ай бою карап чыктым. Маселе чатак. Баарын видеого тарттырдым", — деди Абдылдаев.

Ал эми Суу ресурстары агенттигинин директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев Чүй облусунда 324 миң гектар сугат жер бар экенин, анын 148 миң гектары Чүй дарыясынан сугарыларын билдирди.

Андан соң Абдылдаев Орто-Токой суу сактагычы боюнча да маселе көтөрүп, июнь айында эле суу калбай каларын белгилеп, каякка кетип жатканын сурады.

Жайлообаевдин айтымында, бул суу сактагычта дагы Казакстандын үлүшү бар. Ал эми Боронов чогулган суунун көлөмү менен агып чыкканы дал келип жатканын билдирди.

Тема боюнча

Айдаралиев: быйыл жазгы талаа жумуштары бир айга эрте башталышы мүмкүн
Белгилер:
Казакстан, дыйкан, Орто-Токой суу сактагычы, сугаруу, Суу

ЭҢ МААНИЛҮҮ