Абылгазиев: кыргызстандыктарга көп өлкөлөрдүн визасын алуу кыйындап бара жатат

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВнезапное посещение Мухаммедкалыя Абылгазиева ЦОН-2 Бишкека
Внезапное посещение Мухаммедкалыя Абылгазиева ЦОН-2 Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук иштер бүтпөгөндүктөн, ушул учурга чейин кыргызстандыктар мындай паспорт ала албай келет.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы №2 калкты тейлөө борборуна күтүүсүз барган учурда билдирди.

"Буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго ишенимди жогорулатат. Бүгүнкү күндө мекендештерибиз үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Биз бул жагдайдан чыгып, паспорту ээси үчүн бүткүл дүйнөгө эшик ачкан өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз керек", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, өкмөт башчы калкты тейлөө борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышып, тейлөө кызматтары көрсөтүлүп жаткан жарандар менен маектешти.

Паспорт чыры

2019-жылы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ведомствонун жетекчилик кызматтарындагы жогоруда аты аталган өкүлдөрү камакка алынган

Система межведомственного электронного взаимодействия Тундук - Sputnik Кыргызстан
"Түндүк" мамлекеттик порталы кандай кызмат көрсөтөт? 4 суроого жооп
Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") ылайык күнөөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен айып пулга жыгылды. Тагыраагы, төрага орун басары Руслан Сарыбаев — 270 миң сом, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаев — 270 миң сом, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку статс-секретары Данияр Бакчиев — 230 миң сом төлөп бермей болгон.

Ал эми 1-февралда АКШ президенти Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү. Ага чейин КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ бийлигинин мындай чечимине Кыргызстандын биометрикалык паспорт колдонбогону себепкер экенин айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0