Жээнбеков уландарды аскердик кызмат өтөөгө чакыруу Жарлыгына кол койду

Жазылуу
Мамлекет башчынын Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирип, аскерге чакыруу иштери башталат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматын өтөгөн жигиттерди запаска бошотуу жана жаңыларын аскердик кызматка чакыруу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Мекенди коргоочуларды куттуктап, биринчи милдет эмне экендигин айтты
Ага ылайык, аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскерлер КРдин Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат.

Ал эми 18 жашка толгон жана кийинки чакырууга калтырылган уландар 2020-жылдын март–май айларында Куралдуу күчтөргө, башка аскердик түзүмдөргө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0