Кызым турмушка чыкпай калабы деп корком... Эненин каты

© AFP 2023 / YASUYOSHI CHIBAДороги в Хартуме
Дороги в Хартуме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жашы өтүп бараткан, турмушка чыга элек кызына кабатыр болгон эненин каты жарыяланды.

Проблемы с ожирением - Sputnik Кыргызстан
Күйөөдөн чыккан кызым кууратып бүттү. Айласы кеткен эненин муңу
Саламатсыздарбы? Жашым 60ка чамалап калды, абышкам болсо 67де. Төрт балабыз бар, үчөө эркек, бирөө кыз. Эки эркектен кийин төрөлгөн кызыбыз Жийдени абышкам экөөбүз көзүн карап чоңойттук. Оозунан чыкканын алып берчүбүз. Сабактарын жакшы окуду. Кийин өз күчү менен чет мамлекетке окууга өттү. Кызыбыз менен сыймыктанып, кубанган элек. Ал окуусун бүтөрү менен дагы башкасына тапшырды. Ошентип чет өлкөдө 10 жылдай жүрдү окшойт. Ортодо каникулга келип-кетип жатты. Күйөө, жигитти сөз кылчу да эмес. Таптакыр эле башка улуттун жараны болуп калбасын деп 10 жылдан кийин атасы экөөбүз чакыртып алдык. Антпесек жүрө берчүдөй. Бишкекке келгенине эки жыл болду, кызыбыз азыр 35те. Жашоого көз карашы, баалуулуктары аябай өзгөрүптүр. Өзүм тарбиялаган кызды өзүм түшүнө албай отурам. Үй оокаттарына жок сыяктуу. Элге да көп аралашпайт, өзү менен өзү. "Турмушка чык" десек эле "силерден күйөө сураган жокмун" деп кагып салат. Атасы экөөбүз себинен бери даярдап койгонбуз. 40ка чыкканда баарын чанып, күйөө да албай калат го деп корком. Көзүбүз өткүчө бир жерден орун-очок алып, балалуу болуп калса. Анымды түшүнбөйт, уккусу да келбейт. Алдында автоунаасы бар, эми үй алып берели деп жатабыз. Аны менен тең кыздардын балдары мектепке барып жатат. Кээде "күйөөгө тийбесе да, жок дегенде төрөп алса" деп ойлоп кетем. Анымды абышкам укса чалкасынан кетет го. Эмне кылышты да билбей калдым. Урушуп айттым, алдап айттым, болбой койду. Жигит тууралуу сурасам да унчукпайт. Кайра чет өлкөсүнө кетип, ошол жакта биротоло калып калбаса болду. Жүргөнү башкача. Жалгыз кызымдын жанымда болушун каалайм. Элдин кыздарындай балалуу болуп, бактысын тапса экен. Эр албай же эрге тийбей кара далы болуп калса кантем? Кызыма эмне кылып жардам бере алам? Же мен туура эмес ойлонуп жатамбы? Кеңеш бергилечи.

Нуриза Батырбекова, психолог:

— Бул суроого транзакттык анализдөө методу менен жооп берейин. Аталган методдо "ар бир адам жакшы, ар бир адам туура чечим кабыл алат" деген позиция бар. Кат жазган эженин кызы Жийденин да өз ою бар. Ал азыр жаш, кичинекей кыз эмес. Акыл токтотуп калган убагы. Балким, пландап жүргөн чыгар. Анын ою, пландары менен да эсептешүү керек. Баланын көзүн карап, аны менчиктеп алуу туура эмес.

Кыска юбка кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм сүйгөн аялга теңеле албай койдум. Жан дүйнөсү кыйналган келиндин каты
Эгер Жийде жашы өтүп, күйөөгө тийбей жатканын көйгөй катары көрсө, анда консультацияга чакырабыз. Эгер ал бул көрүнүштү көйгөй деп санабаса, анда ага жардам бере албайбыз. Кат жазган эжени кызы менен ачык сүйлөшүүгө чакырат элем. Дагы бир кеңешим, эмне кылышты өзү чечкидей жайына коюп койсун. Кызы кандай чечим кабыл албасын апасы аны жакшы көрөрүн айтышы керек. Бул учурда экөөнүн ортосундагы барьер жок болот. Бир айткан нерсени дайыма кайталай берүүнүн кажети жок. Ал бул сөздөн кутулуш үчүн чет өлкөгө кайра кетип калышы да мүмкүн, эркин койгула.

"Өзү үчүн ымыркай төрөп алсын" деген нерсеге кошулбайм. Жеке менин көз карашымда бул туура эмес. Анткени ар бир бала төрөлгөндө анын атасы жана апасы болушу керек. Өзү үчүн төрөп алса, түйшүктүн баары Жийдеге эле түшөт. Наристе да толук эмес үй-бүлөдө чоңоюп калат.

Кызыңыздын өз ою бар, чоң адам деп кабыл алсаңыз көп нерсе ордуна келет. Анткени акыркы чечимди баары бир өзү кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0