09:30 10 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
229 0 0

Оңдоо иштеринен кийин паспорт текшерген кабиналардын саны көбөйөт. Ар бир багыт үчүн төрттөн тилке даярдалат. Ошондой эле күтүү залы ачылат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети реконструкция иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта жаңы режимде иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнтөн тарта "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети транспорттун бардык түрү үчүн убактылуу токтотулду. Ал эми жөө адамдар саат 6:00дөн 24:00гө чейин өтө алышат. Транспорттор болсо "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок" жана "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт.

Ремонт иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалып жатат. Эгер пландар өзгөрүп кете турган болсо Чек ара кызматы жарандарга маалымат берет.

Оңдоо иштеринен кийин паспорт текшерген кабиналардын саны көбөйөт. Ар бир багыт үчүн төрттөн тилке даярдалат. Ошондой эле күтүү залы ачылат (баласы бар аялдар үчүн дагы ылайыкталат).

Көзөмөл бекетине оңдоо иштерин жүргүзүү чечими Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон сапарында чечилген.

Тема боюнча

Кыргыз-казак чегинде кезекте турган фуралар. Казакстан дооматка жооп кайтарды
Чек ара кызматы: Казакстандан Кыргызстанга өткөндөр адаттан тыш көп болууда
Белгилер:
Ак-Жол көзөмөл өткөрүү пункту, чек ара, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ